Бишкек мэри Иса Өмүркулов ири мелдештерде ийгилик жараткан спортчуларды сыйлады

Бүгүн, 9-октябрда Бишкек гуманитардык университетинде мэр Иса Өмүркулов ири мелдештерде ийгилик жараткан спортчуларды акчалай жана баалуу белектер менен сыйлады. Салтанатка Орусиянын Казань шаарында өткөн Дүйнөлүк универсиадада байгелүү орунду алган спортчулар, Бишкекте өткөн оор атлетика боюнча Азия чемпиондугунда ийгилик жараткан спортчулар катышты. Аталган мелдештерде 3-орун алган спортчулар 20 миң, 2-орун алган спортчулар 25 миң жана чемпион аталган спортчулар 30 миң сомдон акчалай сыйлык жана сааттар, ошондой эле спорттун өнүгүшүнө салым кошуп келген машыктыруучулар да акчалай сыйлык жана Ардак грамота менен сыйланышты. “Быйыл Бишкек боюнча 42 кичи футбол аянттары курулду. Түнкү саат бирде да балдардын футбол ойноп жатканын көрүп жатабыз. Бул эң сонун көрүнүш. Бүгүн ири мелдештерде ийгилик жараткан спортчулар менен машыктыруучуларга аз да болсо стимул болсун деп шаардын бюджетинен акчалай жана баалуу белектер менен сыйладык”,- дейт Иса Өмүркулов.    

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан