Дзюдо боюнча федерациянын биринчи президенти Жыргалбек Сурабалдиевдин элесине арналган 1-Эл аралык мелдеш башталды

Бүгүн, 9-октябрь күнү КРнын Дзюдо федерациясынын биринчи президенти, мурдагы ЖКнын депутаты, СССРдин Спорт чебери, КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Жыргалбек Сурабалдиевдин жаркын элесине арналган дзюдо боюнча 1-Эл аралык мелдеш башталды. Мелдеш 9-10-октябрь күндөрү Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтөт. Учурда мелдешке Казакстандан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келген спортчулар катышып жатат. Мелдештин ачылышына ЖКнын депутаты Бакыт Төрөбаев жана Жыргалбек Сурабалдиевдин санаалаштары катышты. Эске салсак, Жыргалбек Сурабалдиев 2005-жылдын 10-июнь күнү кылмышкерлер тарабынан атылып өлтүрүлгөн.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан