Футбол боюнча Кыргызстан менен Кувейт беттешинде Казакстанда сабалган футболчу Эмил Кенжесариевди колдоого багытталган акция өтөт

Футбол боюнча Кыргызстан менен Кувейт курама командаларынын жолдоштук беттеши алдында Казакстанда сабалган кыргыз футболунун тарбиялануучусу Эмил Кенжесариевди колдоого багытталган акция өтөт. Анда Кыргызстан курама командасынын оюнчулары Эмил ойногон номур менен “Эмил, биз сени менен!” деген жазуу менен Эмилдин сүрөтү бар футболка кийип чыгышат. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы билдирет. Беттеш 11-октябрь күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 16:00дө башталат. Эске салсак, Эмил Кенжесариев 11-август күнү Алматыда сабалып, ооруканага оор абалда түшкөн. Эмилди сабаган деп шектелип 20 жаштагы Бейбит Узакбай аттуу жаран кармалган. Учурда Эмилдин абалы жакшырып, ооруканадан чыккан. Жакын арада Германияда операция жасалары айтылган.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан