Бокс боюнча Кыргызстан курама командасынын мүчөлөрүнө спорттук даражалар ыйгарылды

Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин аттестациялык комиссиясы тарабынан бокс боюнча Кыргызстан курама командасынын мүчөлөрүнө спорттук даражалар ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрь күнү Бокс федерациясы билдирди. Анда Иордонияда өткөн Азия чемпиондугунда чемпион аталган Азат Үсөналиевге "Эл аралык даражадагы спорт чебери" деген наам ыйгарылды. Ушундай эле наамга Эрмек Сакенов менен Өмүрбек Малабеков татыды. Ошондой эле "Спорт чебери" деген наамга Абду-Саид Масюмов, Адилет Бекеев, Адилет Абылашимов, Рахманкул Аватов жана Сергей Паренко ээ болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан