Парламентте "Кумтөр" маселесин кароо уланып жатат. Депутат Мыктыбек Абдылдаев өз сөзүндө өкмөт башчыга кайрылып: "Сиздин азыркы абалыңыз "же эшек жок болот, же мен жок болом" деген анекдоттогудай болуп жатат. Өз эркиңиз менен кызматтан кетип калбайсызбы" деген сунуш айтты. Буга Жантөрө Сатыбалдиев: "Эгер менин атым менен эле "Кумтөр" маселеси чечилип калса, анда менде каршылык жок",- деди. "Кумтөр" маселеси оңой чечилбей турганын белгилеген Абдылдаев бул ишти башка бирөө чечсин деген да оюн айтты. "Кумтөр" көйгөйүн башка бирөөгө өткөрүп бериңиз. Кыйратам деген бирөө чечсин",- дейт депутат.