Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев Казакстандын Чымкент шаарында 7-13-октябрь аралыгында өтүп жаткан эл аралык мелдеште жупта ойноодо орусиялык Фёдор Червяков менен бирге жарым финалга чыкты. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясы билдирет. Чейрек финалда Данияр Дулдаев менен Фёдор Червяков беларустук Ярослав Шило менен Андрей Василевскийди 6:3, 6:2 эсебинде жеңген. Эми финалга чыгуу үчүн алар украиналык Иван Аниканов менен орусиялык Андрей Плотныйга каршы оюн өткөрөт. Ошондой эле Данияр мелдештин жалгыздан ойноо бөлүгүндө да ийгиликтүү оюн өткөрүүдө. Буга чейин эки беттешин жеңип, чейрек финалга чыкты. Чейрек финалда Данияр Дулдаев украиналык Иван Аникановго каршы ойнойт.