Өспүрүмдөр арасындагы футбол боюнча Азия фестивалы жыл сайын өткөрүлөт

3-6-октябрь аралыгында Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы футбол боюнча Азия фестивалы жыйынтыкталган соң аталган фестивалды жыл сайын өткөрүү тууралуу меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирет. Анда эки күнгө созулган конференцияга 16 өлкөнүн спорт тармагынын өкүлдөрү катышып, кызматташтык жана өспүрүмдөр футболун өнүктүрүү тууралуу сөз болду. Кыргызстандан аталган конференцияга Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Мурат Саралинов катышты. Эске салсак, аталган мелдешке Кыргызстандан 11 жана 13 жашка чейинки өспүрүмдөр катышып, 13 жашка чейинки өспүрүмдөр өз тайпасында жеңүүчү аталган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан