Кыргызстандык спортчу Адилет Шадыканов 5-октябрь күнү Казакстандын Астана шаарында өткөн каратэ-до боюнча Азиянын Чемпиондор Кубогунда алтын медаль жеңди. Бул тууралуу каратэ-до федерациясы билдирет. Мелдеште Адилет Шадыканов 84 килограмм салмакта Борбор Азия курама командасынан чыгып, 1-орунду ээледи. Ошондой эле Борбор Азия курама командасы командалык эсепте да 1-орунду алган. Эске салсак, Адилет Шадыканов 9-10-июль күндөрү Ысык-Көлдө өткөн Борбордук Азия чемпионатында жеңүүчү аталып, курамга кирген.