Президент Алмазбек Атамбаев илбирсти өлтүргөн адамдар Кыргызстандын душмандары экенин айтты. Бул тууралуу Мамлекеттик айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо агенттигинин директору Сабир Атажанов билдирди. "Алмазбек Атамбаев илбирстерди сактап калуу жана коргоо боюнча эл аралык кеңешме-жыйында илбирстерди сактоо боюнча конкреттүү пландарды иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Илбирстер тоолуу өлкөлөрдүн символу катары каралат",- деди Сабир Атажанов. Кошумчалай кетсек, 2013-жылы күзүндө Кыргызстанда илбирстерди сактоо боюнча глобалдык форум өтөт.