5-октябрь күнү Москвада өткөн Владимир Кличко менен Александр Поветкиндин беттешине конок катары келген бокс боюнча Дүйнөнүн мурдагы чемпиону, британиялык Леннокс Льюис британиялык басылмаларга берген маегинде Владимир Кличко менен беттешүүгө даяр экенин айткан. Айтымында, Поветкин-Кличко беттеши учурунда Леннокс Льюиске Владимир Кличко менен беттешүү үчүн 50 миллион доллар гонорар сунушталган. Бирок Льюис эгер аталган сумма эки эсеге көбөйтүлсө, Владимир Кличко менен беттешүү үчүн 2014-жылдын жаз айларында рингге кайтып келүүгө даяр экенинин айткан. Ошондой эле Льюис 48 жашында өзүнө Дүйнө чемпиону наамын кайтарып алган америкалык Жорж Формандын жетишкендигин кайталоого алы жетерин кошумчалаган. Ал эми Кличко-Поветкин беттеши жөнүндө: “Владимир Кличко нагыз чемпион катары беттеш өткөргөн жок. Чемпиондор беттешти акырына чыгарбоого аракет кылат”,- дейт Леннокс Льюис. Эгер беттеш орун алып, Леннокс Льюис беттеште 50 миллион доллар гонорар алса, ал бокс тарыхындагы эң ири гонорар болмокчу. Азырынча эң көп гонорардын ээси америкалык Флойд Мейуэзер болуп келет. Ал ушул жылдын сентябрь айындагы мексикалык Сауль Альварес менен болгон беттеши үчүн 41,5 миллион доллар гонорар алган. Эске салсак, Леннокс Льюис акыркы жолу рингге 2003-жылы Виталий Кличкого каршы чыгып, жеңишке жеткен. 2004-жылы карьерасын жыйынтыктоо тууралуу чечим чыгарган.