Бүгүн Алмазбек Атамбаев Германиянын Жаратылышты коргоо кеңешинин делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү маалымдады. Жолугушууда мамлекет башчы Германиянын Жаратылышты коргоо кеңешине жана Дүйнөлүк банкка 2013-жылы Кыргызстанда илбирстерди коргоо боюнча эл аралык форумду өткөрүүгө көмөк көрсөтүп жатышканына ыраазычылыгын билдирди.