Бүгүн, 10-октябрь күнү КРнын Футбол федерациясынын маалымат борборунда федерациянын жаңы логотиби жана Кыргызстан курама командасынын жаңы формасы көрсөтүлдү. Буга чейин КРнын Футбол федерациясы жаңы логотип үчүн сынак жарыялаган. 20га жакын логотиптердин ичинен Кирилл Антоновдуку жактырылган. Ал эми Кыргызстан курама командасынын жаңы формасын Павел Матяш, Валерий Кичин, Курсанбек Шератов жана 16 жана 14 жаштагы өспүрүм футболчулар көрсөттү. Жаңы формада Кыргызстандын бардык жаш курактагы курама командалары оюнга чыгышат. Жаңы формаларга 30 миң евро каражат сарпталган.