Талас облусунда "Тоо элинин баатыры", "Эки бөжөк", "Менин айылым" жана башка көптөгөн чыгармалардын ээси акын, жазуучу Райкан Шүкүрбековдун 100 жылдык мааракесин белгилөөгө даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу 10-октябрдагы маалымат жыйында мааракенин уюштуруучулары билдиришти. Салтанат Кара-Буура районунда бийликтин, Жогорку Кеңештин, маданият ишмелеринин, жергиликтүү тургундардын катышуусунда өтөт.