"Кумтөрдөн" 3 миллион доллар талап кылды" деп айыпталгандардын иши сотко өттү
"Кумтөр" ишканасынын өкүлүнөн 3 миллион доллар талап кылды" деп айыпталган Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаевдин иши сотко өткөрүлүп берилди.
Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган жарандар Ысык-Көл
облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылынын тургундары экени белгилүү. Тергөөдө УКМК видеофонографиялык
экспертизанын жыйынтыгынан буга чейин жарыяланган видеодо шектелгендердин үнү
экенин далилдеди. 2013-жылдын 31-майында Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында
массалык баш аламандыкты уюштурган деп кармалган Э.Жунушбаев менен Б.Курмановго 2013-жылдын
7-октябрындагы баш аламандыкты уюштурду деген да айып тагылууда. Иш сотко 8-октябрда өткөрүлүптүр.