Индияда имарат өрттөнүп, жети адам каза болду

Индиянын Калькутта шаарында имараттын 13-кабаты өрттөнүп, андан жети адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, каза болгон жарандардын арасынан төртөө өрт өчүрүү жана полиция кызматкерлери болгон. Калгандары темир жол бирикмесинин кызматкерлери. Беш адамдын жансыз денеси лифттен табылган.

"Өрт кырсыгынан жети адам каза болду. Полиция кызматынын комиссарынын айтымында, дагы эки адам дайынсыз болууда. Өрт кырсыгы лифт колдонуу учурунда чыккан. Учурда издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан