WhatsApp мессенжери iPhone уюлдук телефонунун эски үлгүсүндө иштебей калат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, IOS тиркемесинин акыркы iOS 9 жана андан төмөнкү версиясында аталган мессенжер иштөөсүн токтотот. Мындай маалыматты WhatsApp социалдык тармагы расмий түрдө тактай элек.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 1-январынан тарта WhatsApp мессенжери Android 4.0.3. сыяктуу бир катар үлгүдө иштөөнү токтоткон.