Бокс боюнча WBA (Дүйнөлүк бокс ассоциациясы), IBF (Эл аралык бокс федерациясы) жана WBO (Дүйнөлүк бокс уюму) версиялары боюнча Дүйнө чемпиону, украиналык Владимир Кличко чет элдик телеканалдарга берген интервьюсунда “Эгер Поветкиндин реванш алам деген каалоосу күч болсо, беттеш өтөт. Беттеш орун алса, анда ал Киевде өтүшү керек” деп билдирген. Эске салсак, Владимир Кличко менен Александр Поветкин 5-октябрь күнү Москвада беттеш өткөрүп, беттештин жыйынтыгында Владимир Кличко ишенимдүү жеңишке жеткен. Буга чейин Александр Поветкин реванш аларын айтса, украиналык боксчунун менеджери реванш өткөрүүнүн кажети жок экенин айткан. Ал эми Александр Поветкин: “Кличко менен беттешип жатканда 12-раунд аяктаганга чейин жеңилүү тууралуу ой да келген жок. Беттешке болгон тактикам, Кличкого жакындап барып, жакын аралыктагы беттешти сунуштоо болчу. Бирок Кличко мага андай мүмкүнчүлүк берген жок. Кличко мени бир гана тактика жактан утуп кетти. Сол кол менен узаткан соккулары абдан күчтүү экен. Эми бул беттештен жакшы чечим чыгарып, кайрадан Кличко менен беттешүүгө аракет кылам”,- дейт. Ошондой эле Поветкиндин командасы беттеш калысы Кличконун эреже бузгандарына көз жумуп койгонун айтып, арызданарын айткан. Ал Поветкин өзү калыстын иш алып барганына ортодон төмөн деген баа берип, эгер арызданса “уруш бүткөндөн кийин сокку узаткандай” болуп каларын айткан.