Оор атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандан Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунун жеңүүчүсү Сергей Долгалёв катышат

16-27-октябрь аралыгында Польшанын Вроцлав шаарында өтүүчү оор атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандан Сергей Долгалёв (105 килограммдан өйдө салмакта) катышат. Айта кетсек, Сергей июль айында Бишкекте өткөн Азия чемпиондугуна катышкан кыргызстандык спортчулардын ичинен жалгыз медаль жеңип, өз салмагында жеңүүчү аталган. КРнын Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов: “Дүйнө чемпиондугуна жакшы жыйынтык көргөзө ала турган спортчуну жиберип жатабыз. Сергей аталган мелдеште алдынкы ондукка кирет деген ишеним бар”,- дейт. Мелдештин расмий сайтынын маалыматы боюнча, мелдешке 400гө жакын спортчу катышат.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан