10 жылдан бери Нарын шаарында “Кадам” аттуу майыптар үйү иш алып барып келет. Бул жерде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар билим алышып, ар кандай акыл туюмдарын өнүктүрө алышат. Ата-энелер дагы бул уюмга ыраазычылыктарын билдиришип, майып балдардын дүйнө таанымдарын өстүрүүгө аракеттерин жумшап келишет. Учурда бул уюмда эң башкы көйгөй - кеңсе маселеси. Алар балдарды шаардын Московский аймагындагы “Алтын балалык” балдар бакчасынын бир жак башынан 2 бөлмөлүү орунга келишим түзүп киргизишкен. 2014-жылы бул келишим бүтөт, бирок ага чейин эле бала бакчага кирген балдардын саны көбөйүп, келишимди узартууга болбой тургандыгын айтышууда. Шаардык мэриядан жардамдарды сурап, жылуу бөлмө карап берүүлөрүн өтүнүшүүдө.