Аламүдүн районунун айрым айылдарында бүгүн саат 8:00дөн 18:00гө чейин электр энергиясы болбойт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКсы билдирди. Оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы жогоруда көрсөтүлгөн убакыт аралыгында Көк-Жар жана Военно-Антоновка айылдарында берилбейт.