30-ноябрда Москвада орусиялык (советтик) ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнүн III Бүткүл дүйнөлүк форуму өткөрүлдү. Ага 146 өлкөнүн ичинде Кыргызстан да катышты. Форумга кыргыздын атынан төмөнкү коомдук ишмерлер делегат болушту - А.Мавлянов, Ж.Акенеев, Ж.Ташибекова, Р.Сарымсаков, Э.Бекбоев, Г.Белекова, С.Сарбанов, С.Поляков (баары СССРдин ЖОЖдорунда окушкан). Иш-чаранын максаты – эл аралык кызматташтыкты бекемдөөчү жолдорду издөө, бүтүрүүчүлөрдүн эркин бирикмелерин түзүү. Форумдун эртеси кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдү КРнын Орусиядагы элчиси Б.Жунуcов кабыл алып, чет элде окуган кыргыз студенттеринин мекенге пайда алып келүү зарылчылыгы тууралуу сөз болду.