Алмазбек Атамбаев "кийинки шайлоолордо "депутаттыкка да, президенттикке да талапкер болбойм" дейт
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-октябрда Нарын
облусунда иш сапары менен жүрөт. Ак-Талаа районунда шайлоочулар менен жолугушкан өлкө башчы кийинки шайлоолордо депутаттыкка да, президенттикке да талапкерлигин койбой турганын
айтты. “СССР тарагандан кийин мамлекет ыдырап, министрлер,
чиновниктер өлкөнү тоноп башташкан. Кыргызга кыргыз гана душман экенин дайыма айтып келем. Көрө албастыктан, мамлекетти жок кылууга багытталган саясий оюндар жүрүп жатат. “Эгер сен акылдуу болсоң, анда неге жардысың?” деген
америкалыктардын макалы бар. Жайында Ысык-Көлдө абал курчуп турду. Бирок эч
ким "туристтик сезон эмне болот?" деп ойлонгон жок. Кудайга шүгүр, элибиздин пейили
жакшы. Ооба, элдин ишеними мурдагы бийликтин иш-аракетинен улам жоголгон.
Бирок сабырдуулук керек”, -дейт президент.