Дональд Трамп Ирандын өзөктүк куралдарды даярдоочу жана сактоочу үч объектисине чабуул коюп, АКШнын аба күчтөрү ал жерлерди жок кылганын билдирди.
Масштабдуу чабуулдан соң америкалык лидер кайрылуу жасады.
Алардын негизгилери:
- Трамп Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 6да Иранга кол салуу тууралуу билдирди: анын айтымында, соккулар Фордо, Натанз жана Исфахан шаарларында болгон;
- Кол салуу, Америка президентинин айтымында, "абдан ийгиликтүү болду";
- Дароо эле АКШ президенти Тегеранды тынчтыкка чакырып, Американын соккусун тарыхый учур деп атады;
- Чабуул үчүн B-2 стратегиялык бомбалоочу учактары, бункер бустерлери жана "Tomahawk" канаттуу ракеталары колдонулган. Булар Ирак, Ооганстандагы согушта ийгилик жараткан жабдыктар;
- Андан 2 саат өтүп Трамп элге кайрылып, Ирандын уран байытуу боюнча негизги объектилери толугу менен жок кылынганын айтты;
- Кайрылууда ал дагы Иранды “тынчтыкка” чакырды, антпесе АКШ жаңы соккуларды баштайт;
- Трамп АКШнын Ирандын өзөктүк объектилерине жасаган соккусу Тегеранды кайрадан сүйлөшүүлөргө алып келет деп үмүттөнөт;
- АКШ Иран менен байланышка чыгып, алар сокку урууларды гана пландап жатышканын жана Тегерандагы өкмөттү алмаштыруу максатын көздөшпөгөнүн билдиргенин Америка телеканалы билдирди;
- Тегеран бул чабуулдарды күткөнүн, ошондуктан орду толгус зыян болгон жок деп ырастоодо;
- Трамп АКШнын Иранга кол салуусунан кийин Израил коопсуз экенин айтты;
- Ал эми Израилде ишмердүүлүккө чектөө киргизилип, өлкөнүн бардык аймагында чогулуштарга жана машыгууларга тыюу салынды;
- Пентагон соккулар боюнча АКШнын соккусуна байланыштуу түштөн кийин маалымат жыйынын өткөрөт.