"Президент Клутин". Байден Орусия жөнүндө сүйлөгөн сөзүндө Путиндин фамилиясын чаташтырды

АКШ президенти Жо Байден Орусия жөнүндө сүйлөгөн сөзүндө бир-эки ката кетирип алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Байден эскалация менен эмдөөнү чаташтырып, Орусиянын президенти Владимир Путиндин атын туура эмес атаган.

Америкалык лидер алгач "АКШ Орусия менен чыр-чатакты жана вакци... эскалациянын циклин чыгарууну каалабайт", - деп айткан.

Андан кийин "президент Клутин" деп орус президентинин атын туура эмес айтып, дароо сөзүн оңдоп кеткен.

Көптөгөн президенттер түшүнүксүз билдирүүлөрү менен айырмалангандыгына карабастан, Байден байкоосуз айтып алган сөздөрү менен көпчүлүктөн оозуп кетти - ал бир кезде өзүн "катачылыктардын машинасы" деп атаган.

Байден Орусия жөнүндө сүйлөгөн сөзүндө Путиндин фамилиясын чаташтырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aidan_Ek
2021-04-16 14:39:02
Эми эмне дейсинер чукугучтар, Байден Клутин дептир Путинди. Путин Шариман деди деп до сих пор шылдындайсынар го.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан