"Пост менен тосттун айырмасы эмне?". Бул боюнча ички иштер министринин орун басары жооп берди

Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков жарандык активист Тилекмат Куреновдун камакка алынышы боюнча маселени көтөрдү.

"Куреновду ойлогон ою, жазган посту үчүн камап койдуңар. Пост менен тосттун айырмасы эмне?", - деп сурады депутат.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев: "Пост деген жалпы элге чыгат. Ар кандай болот. Бул чакырык", - деп жооп берди.

Учурда жыйында Башкы прокуратуранын отчёту угулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан