Бишкекте таң эрте эки маршруттук такси сүзүшүп, 2 адам жабыркады

Бишкекте таң эрте эки маршруттук такси сүзүшүп, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 22-апрель күнү саат 08:00 чамасында болгон.

"Куттубаев жана Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчү ташыган эки маршруттук таксилердин катышуусунда жол кырсыгы катталган. Натыйжада 2 жаран жаракат алгандыгы айтылууда. Азыркы учурда жол кырсыгы каттаган жерде милициянын кайгуул кызматкерлери иш алып барып жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан