Учактардын, вагондордун "бейити", КМШда жана Европада жок Айдаркен сымап заводу... Кыргыз өлкөсү орусиялык блогердин көзү менен

Интернет өнүккөнү блогерлердин, эркин журналисттердин саны көбөйгөнү-көбөйгөн. Акыркы күндөрү орусиялык блогер Лана Сатордун сүрөттөрү интернеттин Кыргыз сегментине желдей тарап ар кандай талкууларды жаратып жатат. Дал ушул блогердин өзгөчө эмгектери менен тааныштырабыз.

Көпчүлүк блогерлер кайсы шаарга барбасын ал шаардын ажайып кооз жерлерин, көпчүлүккө белгилүү аймактарын сүрөткө тартат. Булардан айырмаланып Лана каралбай калган же куруусу аягына чыкпай калган курулуштарды, өзгөчө жерлерди көрсөтөт. Жакында эле Кыргыз өлкөсүнө келип кеткен блогер жергиликтүү калктын көпчүлүгү билбеген жайлардын сүрөттөрүн жарыялады.

Совет маалында кызмат кылган учактардын "бейити"

Жарактан чыккан учактар Ош шаарынын четинде турат. Айрым маалыматтарга караганда аталган учактар азыркыга чейин техникалык кароодон өтүп жатат делет, ал эми иш жүзүндө болсо бул учактар тетиктерге араң жарайт.

Кайсы бир мезгилде бүткүл совет өлкөлөрүнө жүк ташыган "Совтрансавто"

1968-жылы "Совтрансавто" Эл аралык унаа каттамдары башкармалыгы негизделген. Жаңы ишкананын жана анын филиалдарынын башкы максаты болуп СССРдин ичинде жана жакынкы чет өлкөлөргө жүктөрдү ташуу болуп эсептелген.

1980-жылы жүк ташуу Европанын жана Азиянын 25 өлкөсүнө чейин жеткен. Көптөгөн унаа ишканаларынын күчтүү системи түзүлгөн. 1980-жылдардын аягында "Совтрансавто" дүйнөдөгү эң ири жүк ташуучу компания катары болуп көрбөгөндөй каржылык жана экономикалык көрсөткүчтөргө жеткен.

Совет учурунда аталган ишканада иштөө ары абройлуу, ары жоопкерчиликтүү жумуш болгон. Айдоочуларды тандап алууда катуу талаптар болгон. Айдоочулукта көп жылдаган тажрыйбадан сырткары мыкты биографияга ээ болуу зарыл эле (соттолбогон жана чет өлкөдө туугандары жок). Ошондой эле жумушка орношом деген айдоочу сөзсүз түрдө жубайы болушу шарт болчу. Балыкчы, мурдагы Рыбачье шаары дал ошол "Совтрансавто" базасынан улам айдоочулардын шаары болуп аталган. Сүрөттөгү түстүү унаалар Кытай менен болгон жүк ташууну камсыздап турган. СССР урагандан кийин аталган ири компания жана анын башка өлкөлөрдөгү филиалдары менчикке өтүп кеткен. Ал эми унаалар болсо мурунку эт иштетүүчү комбинаттын аймагында дат басып турат.

Дат басып жаткан вагондор

Бишкек ЖЭБинин жанында жайгашкан Аламүдүн станциясында жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондор шурудай тизилип, дат басып турганын көрүүгө болот. Вагондор жарактан чыкканбы же болбосо жөн гана жумуш жок үчүн турабы тактоого мүмкүн болгон жок.

Тоого чыгарылып, бирок каралбай калган Саякбай

Кереметтүү көлдүн жээгинде тоонун башында улуу манасчы Саякбай Каралаевдин өзгөчө эстелиги коюлганы көпчүлүккө маалым. Аталган эстелик "Аалам Ордо" комплексинин бир бөлугү болуп саналат. Аталган комплекс 2007-жылы ишкер, меценат Ташкул Керексизов тарабынан курулуп баштаган. Белгисиз себептерден улам куруу иштери аягына чыккан эмес. Такталбаган маалыматтарга караганда, куруу иштерине миллион доллардан ашык каражат кеткен.

КМШда жана Европада жок Айдаркен сымап заводу

Мындан бир нече жыл мурун сымап ичкен адамдын видеосу интернетке тараган. Дал ошол адам - Толубай Салиев. Аталган жаран 15 жылдан бери КМШ жана Европа өлкөлөрүндө анологу жок болгон сымап заводун 15 жылдан бери жетектеп келет. Аталган ишканада сымапты көрүп гана тим болбостон кармап көрүү мүмкүнчүлүгү да бар.

"Негизинен сымап ден соолукка өтө зыян. Бирок ал +18 градустан жогорку температурада гана зыян алып келе алат. Ал муздак жерде сакталгандыктан аз убакытка ага колду салып көрүү зыян алып келбейт", - деп жазган сүрөтчү видеонун алдындагы өз билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kombi
2021-04-28 11:27:10
Биз эл сындагандан тажабадык, чиновниктер бийлик талашкандан тажабады. Жогорулалар менен эч кимдин иши жок. Себеби "мага пайдасы жок" деген принцип бар бийликтин баарында
+3
Aiymkan89
2021-04-29 12:53:44
Рас эле кылыптыр, жаль что чондор окубайт да мунун баарын
+1
mira28
2021-04-29 14:46:36
Саякбайдын эстелигин бутуро албаган сон баштабай эле койсо болмок экен.Боорум ачыды.Тоонун башында чала чарпыт жалгыз таштап койгон сынары кабак буркоп турат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан