КРнын Университеттерди стратегиялык башкаруу институту Европа Биримдигинин сынагын жеңип алды

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын биргелешкен долбоору – Университеттерди стратегиялык башкаруу институту Европа Биримдигинин жогорку билим берүү системин жогорулатуу программасынын сынагын жеңип алды. Бул сынакка дүйнө жүзү боюнча 500 талапкер катышып, 50сү гана тандалып алынган. Эми Университеттерди стратегиялык башкаруу институту КРдагы ЖОЖдорду башкарууну жакшыртуу боюнча иш алып барат. Бул максатта Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын үчтөн кызматкери КРнын Билим берүү жана илим министрлигинен 2 адиске кошулуп, Испаниядан тажрыйба арттырып кайтышты. 2 апталык окуу курстары Барселонанын Политехникалык университетинде өткөрүлдү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан