Бишкекте түндө кыз уурдалды делген маалымат жалган болуп чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 1-май күнү түндө 00:30 чамасында Москва жана Гоголь көчөсүндө белгисиз балдар унаага кызды салып кетти делген маалымат чыккан.
Мындан улам "перехват" планы жарыяланып, издөө иштери башталган. Андан соң тактоо иштеринде бул маалымат жалган экени аныкталган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.