Жалал-Абад облусунда Сузак районунда 2006-жылы туулган бала дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 1-май күнү Сузак районунун Барпы айыл аймагындагы Таштак айылынын 2006-жылы туулган С.Д. аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Туугандары ӨКМнын кызматкерлерине жардам сурап кайрылышкан. Издөө иштери кечээ кеч киргендигине байланыштуу токтотулуп, бүгүн, 2-май күнү издөө улантылды.
Издөө иштерине Жалала-Абад шаардык жана Сузак райондук өрт куткаруу бөлүгүнүн жалпы 47 куткаруучу чыгышкан. ИИМ кызматкерлеринен 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 35 жаран тартылган.
Кошумча маалымат берилет.