Талас. Талас шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү белгиленди

3-декабрь - Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата Талас шаарынын мэри Анарбек Кушубеков 54 адамга өз колу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен 500 сомдук азык-түлүк тапшырып, мамлекет тарабынан төлөнүүчү жөлөк пулдарга дагы 1000 сом өлчөмүндө кошумча кошулганын жарыялады. Ошондой эле Талас шаарындагы жеке ишкерлер, ишкана-мекемелер тарабынан да дагы 100дөн ашык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөтүлөрү макулдашылды. Шаардык бейтапкана жана №90-кесиптик лицейи мүмкүнчүлүгү чектелгендерге акысыз кызмат көрсөтүүгө даяр экенин билдирип өтүштү. Иш-чаранын соңунда “Ай-ай” балдардын оюн-зоок борбору тарабынан майрамдык кече уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан