Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда 2022-жылдын сентябрь айында өткөрүлөт

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда 2022-жылдын сентябрь айында өтөт. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чараны өткөрүүнүн мөөнөтү пандемияга байланыштуу кийинки жылга белгиленди. "Кыргыз мамлекети атайын маданий программаны даярдайт. "Көчмөндөр ааламы" этнофестиваль уюштуруу каралууда. Каада-салт, үрп-адат, кол өнөрчүлүгүбүздү дүйнөлүк деңгээлде көрсөтүүгө абдан жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деп билдирди маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев президент Садыр Жапаровдун Түркияга расмий иш сапарында жетишилген келишимдер тууралуу маалымат берип жатып.

Ал президент Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына расмий иш сапарынын алкагында, кыргыз-түрк маданий байланыштарын чыңдоого багытталган бир катар келишимге кол коюлганын белгиледи.

Аталган келишимдерди ишке ашыруунун алкагында 2022-жылы эки өлкөнүн ортосунда Маданият жана искусство күндөрүн өткөрүү пландаштырылууда.

Ошондой эле театрлардын гастролдору, кино күндөрү, кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрүн уюштуруу, маданият кызматкерлерин окутуу жана тажрыйба алмашуу иш-чаралары камтылат.

Мындан тышкары маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кыргыз-түрк маданий борборлору ачыларын маалымдады.

"Түркияда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун, ал эми Кыргыз мамлекетинде түрк дүйнөсүнүн даанышман, ойчул акыны Юнус Эмренин маданий борборлору ачылат. Түркия мамлекети менен маданий байланыштарыбыз терең. Биздин башатыбызды жалпы түрк элдерине жана түрк тилдүү мамлекеттерге тийиштүү орток мурастарыбыз бириктирип турат. Ошондуктан маданий борборлорду ачуунун максаты - эки элдин адабиятын таанытуу жана ал аркылуу коомду тарбиялоого, руханий азык тартуулоого түрткү берүү болуп саналат", - деди Кайрат Иманалиев.

Ал белгилегендей, кол коюлган келишимдерде улуттук спорттук оюндар боюнча тажрыйба алмашууга өзгөчө маани берилди.

"Көк бөрү улуттук оюнуна Түркияда кызыгуучулар абдан көп. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Көк бөрү боюнча спорттук аянтча жасалып, ойнолуп жатат. Бул иш-чаралар түзүлгөн келишимди ишке ашырууга түрткү берет", - деди ал.

Ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун алкагында сүйлөшүүлөр орун алды.

Министр кошумчалагандай, меморандумдун негизинде эки өлкөнүн билимдүү, демилгелүү жаштарынын катышуусунда форумдар өткөрүлөт жана жаштар уюмдарынын кызматташуусун жакшыртуу боюнча чаралар ишке ашыралат.

Президент Садыр Жапаровдун Түркиядагы расмий иш сапарынын алкагында кыргыз-түрк маданий кызматташтыгын арттырууга багытталган төмөнкү келишимдерге кол коюлду. Алар:

  • Министрлер кабинети менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы маданият жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Министрлер кабинети менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы Маданий борборлорду түзүү жана алардын иштеши жөнүндө макулдашуу;
  • Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • 2018-жылдын 9-апрелиндеги Кыргыз өкмөтү менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы Дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө протокол.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан