Кечээ Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин №1-шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери телефон ууруларын кармоо максатында “Ууру” рейдин жүргүзүштү. Рейд учурунда 1971-жылы туулган Т.Жээнбек аттуу жаран колго түшүрүлгөн. Кармалган жарандын мурда уурулук боюнча соттолгону аныкталып, “Ош базарында” шаар тургундарынын чөнтөктөрүнөн 10дон ашуун телефондорун уурдаган деп шектелүүдө. Учурда айыпталуучу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.