Өкмөт үйүнүн алдында Түркия өлкөсүнө уурдалган Орхан Инандыны өлкөгө кайтарып келүү талабы менен жарандар митингге чыгышты.
Алардын болжолдуу саны 50гө жакын. Алардын арасында Орхан Инандынын жубайы да бар.
Орхан Инанды ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган.
6-июлда президенттин тапшырмасы менен Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Доганга Орхан Инандыны кайтарып берүү боюнча нота тапшырган.