"Токио-2020" жайкы Олимпиадасына Кыргыз өлкөсүнүн желегин биринчи жолу кыз көтөрүп чыгат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча агенттиктин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Атабек Азизбеков Токио шаарына кеч учуп баргандыгына байланыштуу Каныкей Кубанычбекова Кыргыз өлкөсүнүн желегин "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде 23-июлда көтөрүп чыгат. Ал "Токио-2020" жайкы Олимпиадасында ок атуу боюнча мелдештерге катышат.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн желегин Атабек Азизбеков көтөрүп бара тургандыгы айтылган.
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азизбеков Кыргыз өлкөсүнүн олимпиадалык курама командасынын капитаны болуп дайындалган. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз өлкөсүнүн желегин тапшырган. Олимпиададагы күрөш боюнча мелдеш 1-августта башталат. Кыргыз өлкөсүнүн күрөш боюнча улуттук курама командасы 28-июлда Японияга учуп кетет.