Бишкекте диний мекемелер жана менчик бала бакчалар текшерүүдөн өттү

Бишкектин Свердлов районунда санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана талаптарды сактоо боюнча рейддик иш-чаралар активдүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, муниципалдык аймактык башкармалыктын жана Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрүнөн турган мобилдик топ дагы бир жолу мечиттерди, чиркөөлөрдү, бала бакчаларды жана билим берүү борборлорун текшерди.
"Райондо бардыгы болуп 67 ислам жана 29 христиан мекемелери, 9 билим берүү борборлору жана 48 менчик бала бакчалар жайгашкан.
Рейддик текшерүү учурунда бет кап режимин жана зыяратчылардын ортосундагы аралыкты сактабагандыгы үчүн 6 мечит жана 1 намазканага айып салынды. Текшерүү учурунда афишалар таркатылып, коронавирус инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан