"Токио-2020": Кыргыз курамасы парадда 54-номур менен чыгат

Бүгүн, 23-июлда Япониянын борбору Токио шаарында XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтөт. Ачылыш аземдеги парадда Кыргыз курама командасы 54-номур менен чыгат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тастыктады.

Парадга чыгуу тизмеси япон алфавити боюнча аныкталган. Кыргыз курамасынын астында Кирибати командасы чыкса, бизден кийин Гватемала курамасы парадга чыгат. Парадда Кыргыз курамасынын желегин ок атуучу Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыгат.

Парадга эң алгач Олимпиада оюндарынын мекенин көрсөткөн Грециянын курамасы чыгат. Андан кийин качкындар тобу болот. Олимпиаданы өткөрүүчү өлкө Япониянын курама командасы парадды жабат. Япониянын алдында кийинки эки жайкы Олимпиада оюндарын өткөрө турган АКШ жана Франция командалары өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
algakaray
2021-07-23 09:59:16
Желекти Атабек которуп чыгат деп атты беле?
0
Азат Бейшенбеков
2021-07-23 10:07:01
algakaray, Саламатсызбы? Уюштуруу комитетинин талабы боюнча спортчулар мелдешке чыгарына аз калганда гана Токиого барышат. Каныкей Кубанычбекова эң алгач мелдешке катышат. Ал эми балбандардын алгачкы тобу Токиого 28-июлда жөнөп кетишет. Ошондуктан парадга Атабек Азизбеков катыша албай калды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан