ШКУнун өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны жыйынтыкталганын расмий түрдө өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев маалымат жыйынында билдирди. Өкмөт башчы белгилегендей, 2 күндүн ичинде жыйында эң көп экономика жаатында кызматташуу каралды. Эске салсак, ШКУ 2001-жылы 15-июнда түзүлгөн. Ага Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан жан Өзбекстан өлкөлөрү мүчө болуп саналат жана аталган өлкөлөрдүн баары Бишкекте жыйынтыкталган жыйынга катышышты. Ал эми байкоочу өлкөлөрдүн катарын Моңголия, Иран, Ооганстан, Индия, Пакистан өлкөлөрү толукташты.