Жогорку Кеңеште жалданма энелик боюнча маселе каралууда

Парламенттин 31-октябрдагы жыйынында жалданма энелик жөнүндө маселе козголду. КСДП фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева Кыргызстанда балалуу боло албай жүргөн көптөгөн үй-бүлөлөр бар экенин билдирди. “Жалданма энелер бала төрөп берип, бирок аны бергиси келбеген учурлар, тескерисинче, жалданма эне эгиз төрөп, ата-эне анын бирөөсүн гана багып алууну каалаган учурлар да болот. Талаш жараткан мындай кырдаалды чечүүнүн жолун табуу керек”,- деди депутат. 

Айта кетсек, парламентте “КРнын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамга, "Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан