"Барби" куурчак чыгарган компаниясы Токиодогу жайкы Олимпиадага арналган Барби куурчактарынын жаңы коллекциясын чыгаргандан кийин расизмге айыпталууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка ылайык, жаңы куурчак коллекциясы "Токио-2020" Олимпиада оюндарынын расмий товарларынын бир бөлүгү. Бул топтомго беш куурчак кирет. Алардын ар бири 2020-жылкы Олимпиадага жаңы кошулган спорттун түрлөрү - софтбол, аскага чыгуу, скейтбординг, каратэ жана серфингди камтыйт.
Ар бир куурчак терисинин өңү, чачынын түсү жана дене түзүлүшү менен айырмаланат. Алардын арасында кавказоид жана негроид тибиндеги куурчактар бар. Бирок топтомго азиялык куурчак кошулган эмес.
Социалдык тармактын колдонуучулары куурчак чыгарган компанияга нааразычылыгын билдиришип, муну кемсинтүү катары баалашууда. Ал тургай кээ бирлери мындан кийин балдарына Барби куурчактарын сатып бербөөнү айтышкан.
"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндары 23-июлдан 8-августка чейин болуп өттү.