Бишкекте үч күн бою арзан азык-түлүктөрдүн жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-апрель жана 1-2-май күндөрү аталган министрлик Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте “Жаз-2024” жарманкесин уюштурат.
Айыл чарба жарманкесинде эт, балык, сүт, май, бал, колбаса, сыр, жумуртка, картошка, жашылча жемиштер, кумшекер, ун жана башка азыктарды арзан баада сатып алууга болот.
Шаардын жашоочуларын социалдык-маанилүү тамак-аш азыктарынын кеңири ассортименти менен камсыз кылуу максатында айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрүнүн ортомчусу жок түздөн түз продукциялары жарманкеге коюлат. Демек, товарлардын баары дүң баада болот.
Дареги: Раззаков көчөсүнүн Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеси.