"Өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган миңдеген оогандыктар болгон". Кабулда аэропорттун жанында жарылуу болгондугу айтылды

Ооганстандын борбору Кабул шаарындагы эл аралык аэропорттун жанында жарылуу орун алды. Бул тууралуу Пентагондун төрагасы Жон Кирби Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.

"Кабулдагы аэропорттун жанындагы жарылуу фактысын биз тастыктай алабыз. Учурда жабырлануучулар тууралуу маалымат белгисиз. Биз кошумча маалымат беребиз", - деп жазган ал.

CNN телеканалынан жарылуудан оогандыктар жабыр тарткандыгын белгилешкен. Ал эми бул жарылуудан америкалыктар жабыркагандыгы тууралуу маалымат түшкөн эмес.

Ал эми ABC телеканалы жарылуу аэропорттун кире беришинде болгонун, ал жерде өлкөдөн качып чыгууга аракет кылган миңдеген оогандыктар болгонун маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elinur
2021-08-27 22:33:14
Ошол жардырткан адам озу бир кун жарылып олсо экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан