Бүгүн, 3-сентябрда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, башка аймактарда жаан-чачын жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18; күндүз +29…+34
Талас облусунда түнкүсүн +8…+13; күндүз +27…+32
Баткен облусунда түнкүсүн +14…+19; күндүз +30…+35
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19 күндүз +30…+35
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27
Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +22…+27
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17 градус, күндүз +31…+33 градус болот.