Футбол боюнча 2021-жылдагы өлкө Кубогун кочкор-аталык "Нефтчи" клубу жеңип алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
18-сентябрда Баткен шаарындагы борбордук стадиондо өткөн финалдык беттеште кочкор-аталык команда Бишкектин “Алга” клубу менен кез келип, пенальтилер сериясында 4:3 эсеби менен жеңип алды.
Оюнга Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов күбө болду. Быйылкы оюнда башкы олжо үчүн Премьер-Лигада, Улуттук Лигада жана Экинчи Лигада ойногон 16 команда ат салышкан.