ЖЫЛНААМА, 29-СЕНТЯБРЬ: Жүрөктүн бүткүл дүйнөлүк күнү

29-сентябрь - Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү. Бул күн 1999-жылдан бери белгиленип келет. Бүткүл дүйнөлүк жүрөк федерациясынын “Сак-саламат жүрөк үчүн биригели!” деген урааны менен уюшулган иш-чара 2007-жылдын 30-сентябрында Бишкек шаарында өткөн.

Бүткүл дүйнөлүк жүрөк федерациясына жүздөн ашуун өлкөнүн 189 кардиологиялык уюму бириккен. Кыргыз өлкөсү бул федерацияга 2006-жылы мүчө болгон. Адистердин айтымында, жүрөк-кан тамыр дартынан каза болгон адамдардын саны жагынан Кыргыз өлкөсү алдыңкы он өлкөнүн катарына кирет. Статистикалык маалыматтарга ылайык, ар жылы республикада жүрөк оорудан 18 миң чамалуу адам каза болсо, дүйнө жүзүндө жылына жүрөк дартынан 17 миллион 500 миң адам көз жумат.

29-сентябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан