ЮНЕСКО жана Эл аралык эмгек уюму 1966-жылдын 5-октябрында “Мугалимдердин абалы туурасында” көрсөтмө кабыл алган. Ошентип мугалимдердин эмгек тартибин аныктаган биринчи эл аралык документ иштелип чыккан. Бул күн жүздөн ашык өлкөдө белгиленет.
Кыргыз өлкөсүндөгү мугалимдердин кесиптик майрамын 5-октябрда белгилөө тууралуу токтомго 2014-жылы 30-октябрда Кыргыз Республикасынын ошол учудагы премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койгон. Буга чейин өлкөдө мугалимдердин кесиптик майрамы ар жылы октябрь айынын биринчи жекшембисинде белгиленип, ар кайсы датага жылдырылып келген.