Дебат. "Легалайз" партиясы: "Биз кара куурайды мыйзамдаштырып, дүйнөлүк трендге айлантабыз"

Бүгүн КТРКда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин бешинчи күндүк дебаты өтүүдө. Анын жүрүшүндө "Социал-демократтар" партиясынын өкүлү "Легалайз" партиясына "Сиздер наркотикалык каражаттарды мыйзамдаштырабыз деп айтып келе жатасыздар. Мында силердин башкы максатыңар эмне? Анткени биз азыр кара куурайды мыйзамсыз деп таап, жыл сайын өрттөп жатабыз да. Силер аны кантип мыйзамдаштырасыңар?" деген суроо узатты.

"Легалайз" партиясынын жообу: "Мурда 140 миң гектар жерге кара куурай эгилип, Кыргыз өлкөсү Советтер Союзу боюнча биринчи орунда турчу. Биз ошол индустрияны кайрадан жандантып, экономиканы сактап калуу үчүн аны иштетели деп жатабыз. Ал чөптөн биз кагаз чыгарабыз. Биопластик чыгарабыз. Кездеме чыгарабыз. Бүгүнкү күндө 350 миң тигүүчү жумушсуз отурат.

Өткөндө Украинага барып келдик. Ал жакта кара куурайга элдин көз карашы түз эле болуп калыптыр. Алар аны наркотикалык каражат деп эсептөөдөн алыс. Анткени кездеме, май жана бардык дары-дармектерди ошондон өндүрүп чыгарып жатышат. Биз биринчи жылы мына ушул мыйзамды киргизип, Украинадан инвесторлорду тартып келебиз.

Ал эми экинчи жылы медициналык жактан ишке ашырабыз деген ой бар. Себеби бүгүн онкологиялык оорулар абдан көп. Ошол ооруларга кара куурайдын майлары абдан жардам берет экен. Биз бул үчүн Канададан атайын адистерди чакырабыз же өз адистерибизди окутуудан өткөрөбүз. Аны чеккенге мыйзамдаштырып жаткан жерибиз жок.

Ал эми кийинки жылдары бул нерсе дүйнөлүк трендге айланат. Азыр биз ушинтип легалайз кылбасак коңшу мамлекеттер, тактап айтканда Өзбекстан менен Казакстан бул нерсеге жакындап келе жатат. Кара куурайга беш, алты жылдан кийин тамеки жана арак сыяктуу эле мамиле кылып калышат".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан