Бүгүн, 30-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк үй жаныбарларынын күнү.
Бул майрамды белгилөө идеясы 1931-жылы Жаратылышты коргоо кыймылынын тарапташтырынын Италияда өткөн Эл аралык конгрессинде көтөрүлүп чыккан. Анда бир катар экологиялык уюмдар жана жаратылышты коргоо коомдору адамдардагы жаныбарларга болгон жоопкерчилик сезимин тарбиялоого багытталган массалык иш-чараларды өткөрүүнү сунушташкан.
Бул майрам ар өлкөдө ар кандай белгиленет. Кээ бир мамлекетте жаныбарларды ырайымсыз мамиледен коргоого багытталган акциялар өтсө, айрым жерлерде иттердин жана мышыктардын көргөзмөлөрү уюштурулат.
30-ноябрга карата жылнаама.