Саясатчы Ахматбек Келдибеков БШКнын сервериндеги маалыматтарды өзгөрткөнгө БШКнын мүмкүнчүлүгү жок экенине ынанганын айтты. Бул тууралуу видео МТРК "ЭлТР" каналына жүктөлдү.
"Бүгүн мен УКМКда сурак берип чыктым. Ал жерге санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев жана БШКнын башкармалыгынын башчысы Асар Акимбаев болуп 2 сааттан ашык талкууладык. Ал жерде проценттин кандай болуп өзгөргөнүн, кээ бир добуштар эмне себептен эки добуш болуп эсептелгенин ачыктадык. Чындыгында ал жерде БШКнын адистери элементардык ката кетиргени далилденди.
БШКнын сервериндеги базаны өзгөрткөнгө БШКнын же башкалардын мүмкүнчүлүгү жок экенин көзүм менен көрүп, ишенип турам", - деген ал.
Буга чейин Келдибеков УКМКда 5 саат сурак берип чыкканы айтылган.
Кечээ, 1-декабрда Ахматбек Келдибеков видео баяндамалар боюнча түшүндүрмө берүү үчүн УКМКга чакыртылган болчу.