Садыр Жапаров 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында төрөлгөн. Дене тарбия институтун аяктап, кийинчерээк юридикалык билим алган.
1991-1994-жылдары "Солтонкул" дыйкан чарбасынын жетекчиси;
1994-1996-жылдары "Кергей" нефти компаниясынын директору;
1996-1997-жылдары Ысык-Көл облустук ИИМдин атайын ротадагы инспектору;
1997-2001-жылдары Мунай зат ташыган "Гузель" компаниясынын башкы директору;
2001-2005-жылдары Балыкчы шаарындагы "Нурнефтегаз" мунай компаниясынын башкы директору;
2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты, "Келечек" фракциясынын жетекчиси;
2006-жылы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөсү;
2007-жылы Мунапыс берүү боюнча комиссиянын жетекчисинин орун басары;
2008-2010-жылдары Жемкордуктун алдын алуу улуттук агенттигинин комиссары;
2010-2013-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты.
2017-жылы 25-мартта Садыр Жапаров кармалган. Ал барымтага алууну уюштурган деп күнөөлөнүп, эркинен ажыратылган.
2020-жылы октябрь айынан тартып премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу.
2021-жылдын 28-январынан тартып президент.
6-декабрга карата жылнаама.